"Мени атып, Өзбекстанга сүйрөп кетишти"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жараланган Асан Үсөнбаев окуя боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды. Ал Өзбекстандын аймагына кирип кеткенин четке кагып, аны 27-январда коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атып салышканын айтууда. Чек ара кызматы бул иш иликтенип жатканын билдирсе, Кыргызстандын Акыйкатчысы факт боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан талап кылды.