Айылдаштарын тилдеген айыл башчы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун өз айылдаштары менен жаңжалдашып жаткан видеосу Интернетке тарады. Видеодо сөгүш уккандар мыйзамсыз жер саткан жер адисинин үстүнөн арызданып кирип, айыл өкмөттөн кагуу жегенин билдиришкен. Ал эми айыл өкмөт башчы болсо жаңжал айыл башчылык кызмат талашуудан улам чыкканын билдирди.