Оморов: 386 млн долларга жаңы жылуулук борбор курса болмок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындай пикирин энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди. Оморовдун баамында, бийлик модернизациялоо иштеринин алдында эксперттердин тыянактарын укпагандыктан азыркыдай мүчүлүштүктөргө жол берилди. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген.