Ызгаарда ысык чай суналы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул күндөрү Бишкектин айрым тургундары таң эрте иштеген "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына ысык чай берүүнү уюштурууда. Алардын бири мэриянын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова үч-төрт жылдан бери кыштын айрым күндөрү "тазалыкчыларга" чай берет. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таңкы саат 6дан баштап көчө шыпырып, кышкысын кар күрөп, жолго кум себишет.