“Ала-Арчадагы” коңшулардын чыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты. Конуштун тургундары саясатчылардын жубайлары шаарчанын башкармалыгынын имаратын ээлеп алганын айтып чыгышты. Экинчи тарап муну четке кагууда. VIP шаарча Ала-Арча резиденциясына жакын жерде жайгашкан. Анда 90го жакын үй бар.