Дача СУ: эстелик жанындагы ый

2017-жылы 16-январда эртең менен Дача СУ кыштагына Түркиянын "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. 

Күтүүсүз кырсыктын айынан 39 адам каза тапкан. 

Түркияда катталган MyCargo компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан. Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Ал учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) алдын ала отчетунда белгилүү болгондой, авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон.

Кырсыктан кийин Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен бир нече ирет митингге чыгышкан.

Расмий маалымат боюнча кырсыктан кийин айылдагы 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. 

Кырсыктын чарбалык курулуштарга, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган. Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

Кырсыктан жабыркагандарга элден жардам чогултулган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, ӨКМдин атайын эсебине 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

Ал эми жүк ташып бараткан түркиялык авиакомпания кенемте төлөп бергенин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев быйыл 13-январда кабарлады.

Өкмөт элден чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнүн, ушу тушта жети жаран үй-жай алганын айтканы менен коопсуздук чараларынан улам кимге канча акча тийгени ачык көрсөтүлбөй турганы белгиленген.

2018-жылдын 13-январында Дача СУ айылында учак кырсыгынан каза тапкандардын эстелигинин ачылышы болду.

Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди.