Бишкектеги заманбап ооруканага саякат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте 15 айдын ичинде курулуп бүткөн Кыргыз-түрк достугу ооруканасында азыр курулуштан кийинки тазалоо иштери жүрүп жатат. Түркиянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган долбоордун алкагында Борбор Азиядагы заманбап, көп профилдүү оорукананы “Азаттык” радиосуна саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев атайын көрсөтүп, тааныштырып чыкты. Оорукана 400 орунга ылайыкташып, бардык жабдуулар, курулуш материалдары Түркиядан алынып келинген. Ага ишке орношо турган дарыгерлер атайын окуудан өтүп, заманбап дарылоо ыкмаларын үйрөнүшөт.