Молдо Кылычтын көркөм мурасы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимпоз-окумуштуулардын катышуусунда жазма акын жана ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине арналган жыйын өттү. Иш-чарада тоталитардык идеологиянын кодулоосуна кабылган акын жашап өткөн доор, чыгармалары, анын көркөм мурасын изилдеген окумуштуулардын тагдыры тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Акындын жаңы басылып чыккан көлөмдүү чыгармалар жыйнагы тууралуу кеп болду.