"Майыптыгыма карабай эне болгум келет"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

24 жаштагы Айпери Аралбаева тубаса шал оорусу менен ооруйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунун активисти Айпери майыптарга карата басмырлоо мамиле менен күрөшүп келет. Ал өзүн чектебей, бактылуу эне, тажрыйбалуу адис болууну кыялданат. Бирок бул кыялдарды ишке ашыруу ал үчүн оңойго турган жок.