Сүлүктү: эч кимге берилбеген ээн үйлөр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир кезде өнөр жайлуу ири шаар болгон Сүлүктүдө ээси жок ээнсиреп турган үйлөр көп. Ошол эле учурда миңге чукул жаш үй-бүлө турак-жай менен камсыз кылуу боюнча арызын шаар бийлигине тапшырып, кезекте турат. Кароосуз калган үйлөрдү оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүүгө шаар бийлигинин чечкиндүү аракети байкалбайт.