"Бейиштин" алдында акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 27-ноябрда "Бейиш" элдик медициналык борборунун алдында каршылык акциясы өттү. Алар өкмөттүн "Бейиш" Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясынын имаратынын мамлекетке кайтарылганына каршы пикирин айтышты. Аталган академия эксперименталдык илимий-өндүрүштүк курортология жана салттуу медицина борбору деп Советтер Союзу ыдырай электе, 1990-жылы 20-мартта түзүлгөн. Союз тарагандан кийин мекеме мамлекеттик каржылоого алынбай, өзүн өзү камсыздай баштаган.