Жалал-Абадда баалуу карагайлар уурдалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абаддын Кызыл-Үңкүр токой чарбасында өзгөчө коргоодогу карагайларды белгисиз адамдар кыйып кеткен. Аны токойчулар эмес, жергиликтүү тургундар байкап, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Ушундан улам эл арасында "карагайларды токой чарбанын жетекчилери өздөрү кыйып жатат" деген түкшүмөл ой да пайда болуп, бирок аны жетекчилик дароо жокко чыгарды. Бабаш-Ата тоосундагы токойдун абалы менен кабарчыбыз Руслан Калматов барып көрүп келди.