Он адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Honda Stepwgn автоунаасы менен газ ташып бараткан «МАН» автоунаасынын кагылышуусунан он киши набыт болду. Арасында алты айлык наристе бар. Сегиз адам ошол жерден жан берген, экөө ооруканадан каза тапты.
Бишкек-Ош автожолунун 457-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон кырсыктан каза тапкандардын тизмеси такталды.
Бишкек-Ош жолунда автокырсык көп катталат. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү мамлекеттик кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, буга негизинен айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, көбүнчө ылдамдыкты ашыра айдоосу себеп болот.
Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза таап, 6 798 киши ар кандай жаракат алган.