Депутаттын иниси киши колдуу болду
Улан Саляновдун үйү.
"Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчыларынын айтымында, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйүндө Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат.
Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө беришти.
Туугандарынын айтымында, окуя түнкү бир жарымдарда болгон. Алгач беткапчан үч-төрт киши кирип келишип, акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Салянов алар менен кармаша кеткенде ок атылган. Ошол учурда 17 жаштагы уулу Абай Салянов үйдөн качып кеткен. Атайылап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы азырынча белгисиз. Милиция эч кандай маалымат бере элек.
Ок тийген жер кесилип алынып, экспертизага жөнөтүлдү.
Бишкекте милиция адам өлтүргөн кылмышкерлерди издөө операциясын жарыялады.
Үй жаңы конушта болгондуктан бул жердеги тамдардын көбү эми курулуп жатканы байкалат.
Адвокат Улан Жумаков окуяга байланыштуу тартип коргоо органдары Аида Салянованын коопсуздугун камсыздашы керектигин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, экс-башкы прокурор. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.