Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Москва шаарында иштеп, жашаган үч жүз миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берди. Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык билдиришти. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтышса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калышкан.