Москвадагы добуш бере албаган мигранттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында жашап, иштеген кыргызстандыктар да добуш берүүдө. Бирок шайлоого катышам деген ниет менен Москвадагы элчиликке барган жүздөгөн мигранттар добуш берүүгө катыша алган жок. Алар шайлоо тууралуу туура маалымат берген эмес деп бийликтерди айыпташууда.