Дача СУ кырсыгы: өкмөт убадасын канчалык аткарды?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз өкмөтү Дача СУ кырсыгында жабыркагандар тиешелүү жардамдарын алышканын кабарлап, кырсык боюнча иштеген өкмөттүк комиссиянын жана мекемелер аралык жумушчу топтун иши аяктаганын билдирди. Ал эми Дача СУ конушунун тургундары өкмөт учак кулаган убакта берген айрым убадаларын аткарган жок деп жатышат.
Быйыл 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан бул унаа ал күнү Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган. Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Мындан он ай мурун учак кулаган жерге кабарчыбыз Замира Кожобаева барып, тургундар менен баарлашып келди.