Кыргыз-казак чек арасы: аягы көрүнбөгөн кезек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак жол» жана «Ак тилек» көзөмөл өткөрмө бекеттеринде түзүлгөн кырдаал жөнгө салына элек. Казакстандын чек арачылары шейшембиден баштап күчөтүлгөн тартипте текшерип өткөрө баштаган. Казакстанга өтүү үчүн кезек күткөн адамдар менен унаалардын саны миңдеп саналат.