Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө төрт бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Таластагы “Чоң-Капка”, Чүйдөгү «Ак-Жол», "Чалдовар" жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек. Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт. "Кордайдагы" кырдаалдан репортаж.