Акыйкат шайлоону талап кылган акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте жаш саясатчылар, жарандык активисттер демилгелеген “Акыйкат шайлоо үчүн!” аттуу митинг өттү. Бишкектин Шабдан баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "24-март" гүлбагында өткөн митингдин катышуучулары шайлоочуларды административдик ресурстарга, добуш сатып алууларга каршы турууга, көз карандысыз добуш берүүгө чакырышты. Миңге чукул адамдын катышуусунда өткөн бул акцияга Октябрь райондук милиция көз салды.