Шайлоо-2017: шайлоочулардын тандоосу кандай?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда президенттик кызмат үчүн жарышка түшкөн 13 талапкерди шайлоочулар кандай идея, саясий багыт камтыган программасы же сапаты үчүн тандайт? Жалпы коомчулукту ойлондуруп турган ушул маселе боюнча “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары жарандарга “Талапкерлердин баарын тааныйсызбы? Тандоодо кайсыл маселе сизге баарынан маанилүү? деген суроо узатып кайрылды.