Жерүйдүн акчасын "издеген" шаардыктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас шаарынын тургундары Жерүй кенинен түшкөн каражат максатка ылайык пайдаланылып жатканынан шек санашты. Алар "кенди иштетүүдөн түшкөн акчага Талас драма театры эмне үчүн ремонттолуп жатат?" деген суроону кабыргасынан коюшту. Театрды оңдоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат кайда жумшалганын да билгиси келген тургундар Талас шаар мэриясына барып, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.