Өз конушун балдар үйүнө айландыргандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта Абдумалик Ахматов өз үйүн аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борборго айландырды. Швейцарияда дарыгерлик кылган журтташыбыз Асан Кочкоровдун демилгеси менен Баткен шаарына ачылган көз оорулар үчүн эмкана ачылды. Орус классик адабиятчыларынын эмгегин 13 жашынан бери кыргызчалаштырып келген жаш котормочу. Бир үйдүн түйшүгүн тарткан окуучу кыз Айчүрөк оорукчан апасы жана иниси менен кайрадан көчөдө калганы турат. Ушул темаларды “Данисте” телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышында көрө аласыздар.