Түркия: Сойкулукка байланган өмүр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ширин 22 жашта. Үч айлык уулун энесине таштап бир жыл мурун Стамбулга келген. Ал Бишкектен келеатканда эле сойку болуп акча табарын билген. Ширин келгенде Стамбулда кардар таап бергендер ага үстөк акча жүктөп, паспортун алып коюшкан. Бир жыл Таксимде сойкуканада иштеген. Бир ай мурун капилеттен катуу ооруп калганда сойкуканадан кууп чыгышкан. Ошондон бери ар кимдин үйүндө баш калкалап келет.