Атамбаев: Мугалимдердин айлыгын көтөрдүк

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык, маданий жана интеллектуалдык тармактын 141 өкүлүнө мамлекеттик сыйлык тапшырды. Кыргыз Республикасынын II, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалы баштаган орден, медалдар, Эмгек сиңирген мугалим, дарыгер, ишмер ардак наамдары жана Ардак грамота менен эмгеги менен айырмаланган 141 адам сыйланды. Мамлекет башчы сыйлангандардын арасында мугалимдер көп экенин белгилеп, акыркы мезгилде билим берүү тармагына каражат көп бөлүнүп жаткандыгын билдирди.