Курманов: Тарыхта калчу президент келиши керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттикке талапкер болууну каалап, арыз берип жаткан жарандардын көпчүлүгү мамлекетти башкаруунун чон жоопкерчилигин сезишпейт. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов "Азаттыктын" 2х1 форматындагы маегинде билдирди. Маек президенттик шайлоо алдындагы саясий жүрүштөр, акчага, административдик ресурстарга байланышкан тобокелчиликтер, саясий процесстердеги саясий элитанын, электораттын орду, милдети өңдүү маселелердин айланасында болду.