Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Шайлоо: Канатбек Исаев бийликке сын айтты


Депутат Канатбек Исаев.
Депутат Канатбек Исаев.

“Кыргызстан” партиясы президенттик шайлоого лидери, парлaмент депутаты Канатбек Исаевди талапкер катары алып чыкты.

“Кыргызстан” партиясынын атынан президенттикке талапкерликке аттанып жаткан Канатбек Исаев партиялык курултайда сүйлөп, мурунку жана азыркы бийлик тушунда өлкөдө демократия, сөз эркиндигине кысым болуп жатканын айтып, бул үчүн учурда мамлекет башында тургандарды айыптады:

- Мына ушундай системада өлкөнүн башчысы, анын үй-бүлөсү, достору, жардамчылары жана жан сакчылары жеке бийликтин далили болуп жатат. Мамлекеттин кызыкчылыгы деген ат менен жеке бийликтин гана кызыкчылыгы ишке ашырылып жатат. Мыйзамдар, адам укугу, адамдын кызыкчылыктары эч уялбастан, мазактап шылдыңдоо менен тебеленип жатат.

Партиянын курултайына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, "Республика - Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов, “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков, саясатчылар Улукбек Кочкоров, Бакыт Аманбаев келишти.

Курултайда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов сөз сүйлөп, президенттик жарышка аттангандардын саны, партиялардын жыйындарынын өтүп жатканы өлкөдө демократиянын бар экендигин айгинелейт деп, саясатчыларды бири-бирин курулай сындоодон, каралоодон алыс болууга чакырды. Өмүркулов бул сөзү менен Исаевдин бийликке карата айткан сындарына жооп бергендей болду.

- Бүгүнкү өткөрүп жаткан форум бул Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги бар экенин айгинелеп турат.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

“Кыргызстан” партиясына Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында 18 мандат берилип, фракцияны алгач Исаев башкара баштаган. Былтыр октябрда лидерликтен кетип, ордуна фракциянын дагы бир депутаты Алмазбек Баатырбеков дайындалган.

Фракция башчылыгынан кетиши Исаевдин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыгып, парламент жыйындарында бийликти сындай баштаган учурга туш келген.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча эки айып таккан. Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирип келет.

Айрым серепчилер Исаевдин президенттикке аттануу кадамын дал ушул кылмыш иштерине байланыштырышат.

- Кылмыш иштери ачылды. Саясатчы катары салмагы түшүп баратат. Балким ошол кылмыш иштерине иммунитет алыш үчүн барып жатат. Мурда “Республика” партиясында лидерлердин арасына кирчү. Балким Бабанов менен альянс түзүүгө аракет кылат, - деди саясат таануучу Марс Сариев.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

Канатбек Исаев өзү деле кайсы бир саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин жашырбайт. Бул тууралуу ал бүгүн сүйлөгөн сөзүндө да айтты.

Саясий серепчи Алмаз Акматалиев кайсы бир саясатчынын, партия лидеринин саясий жарышка чыгышын кадимки көрүнүш катары баалайт.

- Майда саясатчы дегенге деле болбойт. Кантсе дагы Чүйдүн белдүү саясатчыларынын бири. Бирок азыр жеке өзү кыйыныраак абалда турат. Себеби кылмыш иштери ачылды. Талапкерлигин коюу аркылуу кылмыш иштерине иммунитет алыш деле максат эмес деп ойлойм. Болгону азыркы бийликке кыр көрсөтүү - күрөшүүнүн бир формасы

“Кыргызстан” саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. 2015-жылда өтчү парламенттик шайлоону утурлай, партиянын кезектеги курултайында Канат Исаев лидер болуп тандалган. Коомчулукта "Кыргызстан" КСДП партиясынын "клону" деген пикирлер айтылып келгени белгилүү. Бирок бул партиянын өкүлдөрү КСДПнын жана Кыргызстандын жетекчилеринин соңку саясатын сынга алган учурлар да аз эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда 41 жарандан президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын тогузун партия көрсөтсө, калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG