Сабалды деген наристенин абалы жакшы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Таяк жеген деген шек менен Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жети айлык наристе бүгүн жалпы палатага которулду. Дарыгерлер ымыркайдын мээси чайкалып, денеси көгала болуп, шишиктер болгондугунан улам укук коргоочуларга кайрылышкан. Тартип коргоо органдары аны иликтөөгө алып, баланын сабалганын же эмнеден жарат алганын соттук медициналык экспертиза изилдеп жатат.