Үч айдан бери жарыксыз жашаган Ношкен айылы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокен районунун Өзбекстан менен чектешкен аймактагы Ношкен айылында 20дай үй-бүлө быйыл февраль айынан бери жарыксыз олтурат. Буга мурун өзбек тарап колдонуп келген суу соргуч станциянын 2015-жылдан бери Кыргызстанга өткөндүгү себеп. Электр тармактар ишканасы тургундардын турак жайларынын документи жок деген таризде жарык берүүнү тоткоткон.