"Кыргыздар" - алты жылдык эмгектин акыбети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакында Москвадан "Кыргыздар" деген фундаменталдуу илимий эмгек жарык көрдү. Анын авторлору кыргызстандык жана орусиялык окумуштуулар. Кыргыз элинин этногенезисин, тарыхый-маданий байланыштарын жаңы илимий жетишкендиктердин негизинде иликтеген авторлор жамаатынын башчысы, тарых илимдерин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Аблабек Асанканов "Азаттыктын" студиясына келип жаңы эмгек тууралуу маек куруп берди.