Шайлоо: Серепчилердин баркы көтөрүлдү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президенттик шайлоого дагы кенен төрт ай бар, бирок жарышка аттанам дегендердин уюштуруу иштери кызуу жанданып калды. Расмий жарыяланбаса да шайлоо штабдары түзүлүп, кызматкерлер топтолуп, талапкермин дегендердин интернет сайты пайда болуп, социалдык тармактардагы баракчалары да жанданды. Кыскасы бири-биринен өтүп шайлоочулардын көңүлүн алууга далалат кылышууда. Албетте, мындайда саясий технологдордун кызматынын кадыры өсүп жатат.