Бишкектин кыйылган дарагына эл капа

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарындагы Алиаскар Токтоналиев атындагы көчөнүн тургундары 2-июнда мэриянын бактарды кыйып, жол салуу аракетине каршы чыгышты. Балдары менен бирге дарактарды кучактап, каршылык көрсөткөн он чакты адамды милиция кармап кетти. Шаар бийлигинин жакшы жол салуу ниети тууралуу маалымат коомго түшүндүрүлгөн эмес деген Бишкектин вице-мэри, шаардык кеңештин депутаттары түштөн кийин келип, элге маалымат беришти.