Хантүрк: Котормо жаатында жасай турган иштер көп

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-түрк адабий байланыштарынын өнүгүшүнө Ибраим Хантүрктүн салымы зор. Анын котормосунда ондон ашуун китептер чыкты. "Манас" эпосу, Токтогул, Алыкул, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сындуу алп акындардын чыгармалары менен түркиялык окурмандар Ибраимдин котормосу аркылуу таанышууда. Ибраим Хантүрк ушу тапта Ысык-Көл университетинде магистратурада билимин өркүндөтүүдө. Кыргыз-түрк котормолору тууралуу пикирин сурап кабарчыбыз Бекташ Шамшиев Ибраим Хантүрктү кепке тарткан.