Ысык-Көлдө Run the Silk Road марафону өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
13-майда Чолпон-Атада СССРдин спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон өттү. Уюштуруучулардын айтымында, ага Орусия, Казакстан жана Европанын айрым өлкөлөрүнөн, Кыргызстандан 18 өлкөнүн эки миңден ашуун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар үч топко бөлүнүп, 10, 21, 42 чакырым аралыкта чуркашты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.