Чоң-Алай: жер титирөөнүн кесепети

Чоң-Алайдын жер титирөөдөн жабыркаган айылдарында окуучулар үчүн чатыр мектептер уюштурулат.

Чатырлар 10-майга карата орнотулат, себеби бүгүн-эртең Кыргызстанда май майрамдарына байланыштуу эс алуу күндөрү болууда.

3-майда жана 5-майда Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Чоң-Алайдын Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин сезилген. ӨКМ маалыматына караганда, Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган, анын 8и төрт баллдан жогору болгон.

7-майда жалпы 1000 турак жай текшерилип, алардын 529у авариялык абалда экени аныкталган. Кооптуу жерде жашагандар убактылуу башка жактарга көчүрүлгөн.

Чатырлар 10-майга карата орнотулат, себеби бүгүн-эртең Кыргызстанда май майрамдарына байланыштуу эс алуу күндөрү болууда.

Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 20га жакын жер титирөө катталды, алардын 8и төрт баллдан жогору болду.