Өзгөн: кырсыктан кийин...
29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган 24 адамдын, тогузу балдар болгон.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300дөй кызматкери жана эки-үч техника издөө иштерин улантууда.
Жер көчкү орун алган Аюу айылында да учурда дарыгерлер тынымсыз иштеп жатышат. Алар жакындарын жоготкон жарандардын ден соолугун карап, аларга ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө.
Жер көчкү орун алган Аюу айылында да учурда дарыгерлер тынымсыз иштеп жатышат. Алар жакындарын жоготкон жарандардын ден соолугун карап, аларга ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө.