Жакынын жоготкондордун кайгысы
Өзгөндүн Аюу айылындагы көчкү апаатында топурак астында калган 24 кишинин ичинен азырынча үч адамдын гана сөөгү табылды.
30-апрелде түш ченде он эки (Маманова Адина) жана эки жаштагы (Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна) кыздардын сөөктөрү топурак алдынан чыгарылды. Ал эми кечки саат беш жарымдарда 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги кабарлады.
Учурда жер көчкү басып калган башка адамдарды да издөө иштери уланууда. Бул иштерге 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган.
Адистер жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 200 миң метр куб экенин билдиришүүдө.
Жер көчкү болгон күнү Аюу айылындагы 30 үй кооптуу жайда жайгашкан деп табылып, аларга 30 чатыр тигилди.
Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов кооптуу жайда жашагандарды башка жерге мажбурлап көчүрүү иштери башталганын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык болгон жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактардын тизмесинде болгон. Акыркы жолу ушул жылдын 28-мартында анда жашагандарга башка коопсуз жакка көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ошондой эле 2003-жылы бул жердеги үч үй-бүлөгө башка жерге үй салууга үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда берилгени айтылууда. Көчкү алдында калган төрт үй болсо, алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз салынган.
Быйыл кар калың жаап, жаз жаанчыл болгондуктан, Кыргызстанда жер көчкү, сел коркунучу башкы маселеге айланды. 1990-2016-жылдардын аралыгында Кыргызстанда 500дөн ашык жер көчкү жүрсө, быйыл жаз айларында эле 100дөн ашык факт катталган.
18-апрелден бери Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында дарыялар да ташып, миңдеген гектар айдоо жерлерге жана жүздөгөн кооптуу кырдаал жаралган.