Жарым кылым күрөшкөн ардагер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абакир Рысов 55 жылдан бери килем үстүндө таймашып жүрөт. Ал азыр деле жаштар менен теңтайлашып машыгуу залдарынан чыкпайт. Күрөштүн беш түрү: дзюдо, кыргыз күрөшү, самбо, эркин жана грек-рим күрөшү менен жаштайынан машыгып, ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугуна 18 ирет катышып, 11 жолу байгелүү кайткан.