Ош: депутаттар чек ара маселесин талкуулады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы талаш участокторду тактоо иштери али аяктай элек. Эки тараптын расмий өкүлдөрү бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу азырынча маалымат таратуудан карманып турушат. Бирок ошого карабай Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын Оштогу көчмө жыйынында чек ара тилкелерин тактоо, өткөрмө бекеттеринен каттоо жана башка процесстерди ачык талкуулоого аракет кылышты.