Ошто веложүрүш өттү

Соңку эки жылдан бери кайталанып жаткан вело жүрүш быйыл да уланып, ага миңден ашык адам катышты.

Велосипедчен келгендердин көпчүлүгү окуучулар. Арасында студенттер, мамлекеттик кызматкерлер жана катардагы шаар тургундары да бар.

Велосезондун ачылышы менен Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев келип куттуктап, веложүрүштүн башында велосипед айдап берди. Бирок аягына чейин чыккан жок.

Борбордук Аянттан старт алган миңден ашуун велосипедчендер сапарын Ленин көчөсү аркылуу баштады.

“Шайтан арабасын” бир шаар айландырып келүүнү чечкендердин арасында кыздар саналуу гана. Жашы өтүп калган аялдар да бирин-серин жүргөнүн көрүүгө болот.

Албетте, мындай жүрүштө жыгылгандар да болбой койгон жок. Кээ бирлери ал тургай өзү эле эмес, башкаларды да кошо жыгып жатты.

Бирок жабыр тарткандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатты. Веложүрүштү баштан аяк тез жардам ээрчип жүрдү.

Веложүрүштүн башталаары менен жол кайгуулчулары жолдордон башка транспортторду токтотуп турушту. 
 

Соңунда ар кандай оюн-зоок жана ыр-бийлер болду. 

Иш-чараны негизги демилгечиси жана уюштуруучусу “Мегаком” компаниясы. Аларга Ош шаардык мэриясы көмөк көрсөткөн.