Эгин талаасына үй кургандардын талашы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы курулушу бүтө элек 29 үйдү белгисиз адамдар түн жамына бузуп кетишкен. Жергиликтүүлөр муну жер тилкелерине буга чейин ээлик кылган Чынара Турушбековадан көрүшүүдө. Анткен менен Турушбекова бул окуяга тиешеси жоктугун айтып жатат. Анын ишендиришинче, конуш тургундары анын 34 гектар айдоо жерин мыйзамсыз басып алышкан.