Ош: төрөткана имаратын ала албай убара

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчилиги аларга тиешелүү имаратты баңгизатты көзөмөлдөө кызматы бошотпой жатканын айтып чыкты. Ошол эле кезде төрөтканада бөлмө жетишпей, эне-балдар палаталарга батпай калды дешет ак халатчандар. Ал эми экинчи тарап жаңы кеңсесин толук куруп бүткөндөн кийин гана төрөткананын имаратын өткөрүп берерин айтууда.