“Айчүрөк” операсынын жаңы өмүрү

“Айчүрөк” — төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун “Манас” үчилтигинин “Семетей” бөлүмүндөгү “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” аттуу эпизоддун негизинде Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков жазган.
 

Бул опера 1939-жылы 12-апрелде коюлган. Опера элдин терең баасына татып, көп улуттуу искусствонун “Алтын фондуна” кирген. 

Акун хандын ак сарайы. Сарайдын сыртында Акун хандын аскерлери кара ниет баатырлар Толтой менен Чынкожонун сансыз колу менен Айчүрөктү сактап калуу үчүн салгылашат. 

Бирок Чынкожонун жоокерлери сарайга кирип кетишет. Мындай каардуу душмандан апкаарып, Айчүрөк Толтойго жар болууга убада кылып, тойго даярдык көрүү үчүн кырк күн сурайт.

Кара туманды аралап ак куу учуп келип, Айчүрөк пайда болуп Чачыкейден Семетейге барчу жолду көрсөтүп бер деп сурайт. Тажаалданган Чачыкей кызды кууп чыгат. Айүрөк Семетейди Акун хандын ак сарайына алып келүүгө убада берет.   

Айчүрөк амал менен аң уулап жүргөн жеринен Семетейдин ак шумкарын уурдап качат.

Ак кушун Айчүрөк алып кеткенин билген Баатыр Акун хандын сарайына жүрүш жарыялайт.

Үчүнчү көшөгөдө Айчүрөк менен Семетей жолугат.  

Спектаклде Айчүрөктү - Айзирек Момунова, Элнура Самарбекова жана Бактыгүл Бокоева ойнойт. 

Бакай Айчүрөк Семетейдин жары экендигин, уулу ага үйлөнүш керек экенин Манас өзү мурас кылганын айтат. 

Бешинчи сүрөттө Семетей өзүнүн сүйүүсүн жана берилгендигин билдирип, Айчүрөккө шакек салат. Толтой Семетейден Айүрөктү талашуудан баш тартат.

Спектакль Акун хандын сарайында Семетей менен Айчүрөктүн тою менен соңуна чыгат.