Кытайдын эрежеси айдоочуларды кыйнады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

​Кечээ, 10-мартта Нарын шаарынын четинде жайгашкан бажы терминалдын жанына жүздөн ашуун айдоочу нааразылык акциясына чогулду. Бишкек-Торугарт автожолу аркылуу оор жүк ташыган айдоочулар Кытай өлкөсүнүн бажы көзөмөлүндөгү жаңы эрежелер аларды убарага салып жатканын айтышты. Бул маселени кыргыз өкмөтү тез аранын ичинде чечип бербесе жүздөгөн айдоочулар ишсиз калышы ыктымал дешүүдө.