Таластыктар сотторго нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта акыркы кезде сотторго нааразы болгондор көбөйдү. Алардан акыйкаттыкты талап кылгандар бир айда эле үч жолу пикет уюштуруп, соттордун ишмердүүлүгүн сынга алышты. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү облустагы соттук мекемелерде орун алган нааразылык акцияларында айрым судьялардын кызматтан алынышын талап кылгандар болду.