Ак калпак баштан түшпөсүн

Таласта флешмоб уюштурулуп, студенттер Бердике Баатыр жана Мырзалиев көчөлөрүнөн кесилишинен баштап борбордук аянтка чейин желектерди көтөрүп, жөө жүрүш жасады.

Облустук акимиаттын алдында концерттик программа уюштурулду.

Нарын шаарындагы салтанатка 200гө чукул окуучулар жана студенттер катышты. 

Салтанат Нарын облустук жаштар үйүндө куттуктоолор жана концерттик программа менен уланды.

Баткенде Туу жана Ак калпак күнү белгиленип, ага студенттер жана мамкызматкерлер катышты.

Жөө жүрүштөн кийин Баткен шаарынын борборунда узундугу 8 метр, туурасы 5 метр Туунун ачылышы болду.