Ош: Текебаевди колдогондор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМКнын Ош шаарындагы кеңсесинин алдына чогулган элүүдөй адам “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышты. Алардын арасында атчандар да болду. Чогулгандар саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылып, өткөн эки төңкөрүштөн сабак алууга чакырышты. Алар талаптар аткарылбаса, нааразылык акциялар улана турганын билдиришти.