Караколдо сноуборд үйрөткөн чемпион

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШдан келген паралимпиада сноубордчусу Дастин Флеминг Каракол шаарындагы жана калаага жакын айылдардагы балдарга акысыз машыгуу өткөрдү. Бул жерге келүүгө жакыр үй-бүлөдө чоңоюп жаткан же ата-энеси жок балдар тандалган. Тийиштүү жабдууларды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги алып берген. Дастин чакан топторго бөлүнгөн жеткинчектерге өз чеберчилигин көрсөтүп, спорт ыкмаларын үйрөттү.