Министрге нааразылар митингге чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Медицина жана жарандык коомдун өкүлдөрү саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. 16-февралда 20га чукул адам Бишкектеги Ак үй алдына митингге чыгышып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар Батыралиевдин кадр саясатына нааразы болушуп, тармакта жемкордукка, алешемдиктерге жол берилип жатат деген сын айтышты. Саламаттык сактоо министрлиги акцияны буга чейин иштен алынган айрым жетекчилер уюштуруп жатканын билдирди.