Базардын орду талашка түштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эски буюм-тайымдар сатылчу жайма базардын орду соодагерлер менен базарга жакын жайгашкан “Арпа” сыра заводунун ортосунда талашка түштү. Базарда 300гө жакын пенсионерлер, жумушсуздар, майыптар соода кылып, жанын багып келет. Ал эми завод документ боюнча жер аларга тиешелүү экендигин жүйө келтирип, соодагерлерден орунду бошотуусун талап кылууда.